super.kg logo

"Унаа менен сүзүп алды, акча которуңуз". Баткендиктерди алдап келген 20 жаштагы жигит Чүйдөн кармалды

 

20 жаштагы жаран Баткен облусунун жашоочуларын алдап, акча каражаттарын котортуп алганы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 9-март күнү Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 50 жаштагы А.А. милицияга арыз менен кайрылган. Анда анын 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна белгисиз жаран чалып, “Жездең болом, мен бирөөнү машина менен сүзүп алдым, мага тезинен 120 миң сом акча котор” деп чалганын билдирген. Ага өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которуп, ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгонун айткан.

Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургуну 37 жаштагы С.З. телефонуна белгисиз жаран чалып, “Уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп салды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз” деп айткандыктан, ага терминал аркылуу акчаны которуп, кийин сураштырса алданып калганын билип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылар каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алдамчылыкка шектелген жаран Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылынын тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы С.Р. экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: