"Рекорд жаңылап...". Денис Петрашов АКШда дагы бир жолу байгелүү орунду камсыздады



Сууда сүзүү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Миннеаполист штатында өткөн сууда сүзүү боюнча университеттер аралык мелдеште 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.
Кыргыз суучулу 100 метр брасс дистанциясында катышкан. Ал үчүнчү орунду ээлеп, конференциянын рекордун жаңылаган.
Белгилей кетсек, NCAAI 1-дивизиону, АКШнын университеттери арасында өтө турган чоң мелдештердин бири.
Февраль айында дагы Денис Петрашов АКШнын Атланта шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, турнирдин рекордун жаңылаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.