super.kg logo

Башкы прокуратура: "Чүйдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду"

 

Чүйдө жер тилкелерин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташып, кийин документтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган.

Натыйжада алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: