"Зыян 20 миллион сом". "Альфа Телекомдун" мурдагы директору кармалды
"Альфа Телеком" ЖАКсынын жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын билдирүүсүндө, "Альфа Телеком" ЖАКсынын IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.
Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.