super.kg logo

"Кылмыш иши токтотулду". Жаныбек Абиров жабырлануучу менен жолугуп, элдешти (видео)

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров ур-токмокко алынган жаран менен элдешти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Бизге жеткен маалымат боюнча, бүгүн тараптар жолугушуп, күзөтчүдөн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кечирим сурашкан. Күзөтчүнү ур-токмокко алган тарап жабырлануучу жана анын энеси менен жолугушуп, элдешти. Жабырлануучу тарап дагы ыйык Орозо айында кечиримдүү болуу керектигин жана бири-бирин түшүнбөстүктүн айынан ушул окуя болуп кеткенин белгилешип, кечиришкенин айтышкан.

Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.






Жаныбек Абиров жабырлануучу менен элдешти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2023. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизги кечирим сураган да кечирген да азамат экен, мандатын кайтарып бергиле эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: