super.kg logo

Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тыйын чычканды алып өтүп бара жаткан жаран кармалды (видео)

 

Кыргызстандан коңшу Өзбекстанга 13 тыйын чычканды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, тыйын чычкандарды алып өтүүгө аракет кылган жаран "Достук" өткөрмө пунктунан кармалган.

"1979-жылы туулган өзбекстандык М.М. аттуу жаран тыйын чычкандарды мыйзамсыз алып өтүп бара жатканда кармалды. Ал тыйын чычкандарды үч сумкага салып, ороп алган. Анын жанында тиешелүү документтер болгон эмес", - деп билдиришти мекемеден.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана тыйын чычкандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тыйын чычканды алып өтүп бара жаткан жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: