super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Пакистандын элчисин кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшырганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчысы элчини миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров боордош Пакистан элин ыйык орозо айы менен да куттуктады. Ошону менен бирге 21-мартта Пакистанда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Президент Кыргыз тарап Пакистан менен соода-экономикалык мамилелерге өзгөчө маани берерин жана сооданы көбөйтүүгө, атап айтканда, кыргызстандык дыйкандардын айыл чарба продукцияларын экспорттоого, инвестициялык жана туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Пакистандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдеп, студенттерди алмашуу программасын ишке киргизүүнү сунуштады.

Өз кезегинде элчи Хасан Али Зайгам Садыр Жапаровго Пакистандын президенти Ариф Рахман Алвинин жылуу саламын жеткирип, аны ыйык орозо айы менен куттуктап, көңүл айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Хасан Али Зайгам белгилегендей, Пакистан глобалдык климаттын өзгөрүшүнө жана жаратылыш кырсыктарынын өлкөгө тийгизген таасирине дуушар болууда. Буга байланыштуу элчи Пакистан тарап жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга багытталган иш-чараларда Кыргызстандын колдоосуна үмүт артарын белгиледи.

Дипломат ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда жемиштүү кызматташуу менен ырааттуу бекемделип жатканын баса белгиледи.

Хасан Али Зайгамдын айтымында, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана туризм тармагындагы кызматташтык чоң потенциалга ээ. Ал Лахор жана Исламабаддан Бишкекке түз авиакаттамдарды ачуу боюнча ишти улантууну сунуштады, бул эки тарапка тең туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет жана бизнес чөйрөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Инвестициялык кызматташуу боюнча Хасан Али Зайгам пакистандык компаниялар Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, атап айтканда фармацевтика тармагына кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Пакистандын президентин Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыруу жөнөтүп, ошондой эле эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: