"Чекесинен өөп". Хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти (видео)
Кыргызстанга белгилүү хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов жарашты. Алардын ортосундагы таарыныч дээрлик 42 жылга созулган.
Эки хирург 17-мартта эле жолугуп, элдешкен. Элдешүү демилгесин Мамбет Мамакеев көтөргөн. Жолугушууда Мамакеев ооруканага Акрамовдун ысымын ыйгарууга жардам берүүнү убада кылган.
"Мен сени көргөнүмө абдан кубанычтамын. Коркунучтуу убакыт өтсө да, мен сени эч качан унуткан жокмун. Менин эң сүйүктүү жана биринчи окуучум сенсиң. Эң негизгиси өткөндү эстөөнүн кереги жок. Ал убакыт өттү", - деди жолугушууда Мамакеев.
Жолугушуудан кийин Мамбет Мамакеев Эрнст Акрамовго калпак кийгизип, чепкен жапты.
Мамакеев менен Акрамов элдешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.