super.kg logo

Володимир Зеленський Орусияга барган Си Цзиньпинди Украинага чакырды

 

Украина бийлиги президент Володимир Зеленський менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусун уюштурууну каалайт. Бул тууралуу Зеленський билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз аны бул жерден көргүбүз келет. Мен аны менен сүйлөшкүм келет. Мен Си Цзиньпин менен акыркы жолу Украинада согуш башталар алдында сүйлөшкөм. Бирок бир жылдан ашык убакыт бою биз байланышпай калдык", - деген Зеленський.

Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста тактикалык өзөктүк курал сактоочу жайды жайгаштыруу чечими тууралуу билдирүүсү Си Цзиньпиндин Москвага болгон иш сапарынын жыйынтыгы менен байланыштуу экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: