super.kg logo

Бишкекте сауналардын биринде сойкукана уюштурган аял кармалды

 

Бишкекте сойкулукка үндөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББине калаадагы Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген белгисиз аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп, аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана бузукулукка үндөө) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жарандын кылмыштуу иш-аракеттерин ачуу максатында комплекстүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыгында буга чейин шарттуу кардарга колдонууга берилген накталай акча менен 1982-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Ал акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30 пайыз өлчөмүндө акча алып жүргөн.

"Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ошондой эле, К.А. аттуу жаран администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: