super.kg logo

Beeline жана OneWeb Кыргызстандагы жогорку ылдамдыктагы байланыштын жеткиликтүүлүгүн жогорулатышат

 

OneWeb спутниктик байланыш компаниясы жана курамына Beeline Кыргызстан кирген VEON глобалдык санариптик оператору өнүгүп келе жаткан рынокторго мобилдик интернет байланышын жана санариптик кызматтарды жеткирүү үчүн кызматташууну макулдашты. Компаниялар шериктештиги тууралуу март айынын башында Дүйнөлүк мобилдлик конгрессте жарыялашкан.

Бул маанилүү келишим Beeline компаниясына өлкөнүн эң алыскы аймактарын, ал тургай, ушул убакытка чейин тармакка жеткилиги жок болуп келген аймактарды үзгүлтүксүз байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого жөндөмдүү Кыргызстандагы биринчи мобилдик оператор болууга мүмкүндүгүн берет.

OneWeb менен өнөктөштүк VEON компаниялар тобуна калкынын жыштыгы аз, ички миграциянын деңгээли жогору жана табигый кырсыктарга дуушар болгон алыскы аймактарда «Бардыгы үчүн 4G» жана «Байланыш гуманитардык муктаждык катары» стратегияларын мындан ары ишке ашырууда жардам берет. Бул санариптик теӊсиздикти жоюуга, өзгөчө кырдаалдарда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоого жана калктын экономикалык өсүү темпин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

OneWeb орбиталык тобу жогорку ылдамдыктагы, аз кечигүүдөгү интернет байланышын камсыз кылуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Учурда компания 616 спутникти орбитага чыгарды, бул жылдын аягына чейин дүйнөлүк камтууну камсыздай алат дегенди билдирет. OneWeb ресурстары мобилдик байланыштын инфратүзүмү менен органикалык түрдө айкалышып, мобилдик операторлорго начар тейленген же байланышы жок, өзгөчө оор жеткиликтүү аймактардагы калктуу конуштарда 3G, 4G, LTE жана 5G тармагын кеңейтүүгө жардам берет.

— OneWeb дүйнөлүк масштабда, ал эми Beeline Кыргызстандын аймагында санариптик теӊсиздикти жоюуга умтулат, андыктан биздин максаттарыбыз бир, — деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. – OneWeb менен өнөктөштүк бизге эч качан интернет болбогон жана башка шарттарда болушу мүмкүн эмес жерде интернетке жеткиликти камсыздоого мүмкүндүк берет. Кыргызстан үчүн бул эксклюзивдүү сунуш жана биз өлкөбүз үчүн келечектүү жана пайдалуу кызматташтыкты түзө алганыбызга кубанычтабыз.

Beeline жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: