super.kg logo

"Кытай жарандарын тоноп жүрүшкөн" деген шек менен 3 адам кармалды

 

“Карышкыр” каймана атка ээ Мурсалым Умырзаковдун балдары “бир катар Кытай Эл Республикасынын жарандарын тоноду” деп шектелип кармалышты. Бул туурасында бүгүн, 10-декабрда Бишкек ШИИББнин башчысынын орун басары Александр Белунскас маалымат жыйыны учурунда билдирди.  

Маалыматка караганда, ушул жылдын сентябрь айынан бери Кытай жарандары тонолуп келген. Бирок алар күч органдарына кайрылуудан коркушкан. Учурда “Кытай жарандарына кол салуу” боюнча 11 кылмыш иши бар. Кылмышка шектүүлөр аларды коркутуп, жанындагы баалуу буюмдарын жана акчаларын тартып алып турушкан.  

Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип Т.Иманкулов, А.Жакшылыков жана Д.Садыковдор кармалышкан. Аларды текшерүү учурунда биринен Кытай жаранынын паспорту жана эки тапанча табылган.  

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.12.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
укмуш иш кылыпсынар жалган жашыкты айтып мактанганча бакыт букаевди ким олтургонун таппайсынарбы биринчиден кыргыз элин калкалагыла кийин кытайларды
turgunbek түзөттү 10.12.2013 17:21
10.12.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turgunbek, кармаштыго олтургондорду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: