super.kg logo

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» аркылуу евро менен Европага которуулар дагы пайдалуу болуп калды!

 

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» ЖАК евро менен түз эсептерди ачуу аркылуу италиялык BANCA POPOLARE DI SONDRIO (BPS) банкы менен корреспонденттик мамилелерди түздү.

Италиялык өнөктөш-банк аркылуу «Кыргыз-Швейцариялык Банкынын» кардарлары минималдуу чыгымдар менен бардык Европа боюнча евро менен кардарлык жана банктар аралык которууларды ыкчам жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк алышты.

Банк ар кандай валюталарда эл аралык финансылык институттар менен өз ара эсептөө боюнча варианттарды оптимизациялоонун үстүндө пландык негиздеги стратегиялык ишти жүргүзөт. Жакындан бери Банк ТОП-3кө кирген Армениянын банктык тутумдун лидерлеринин бири болуп саналган армениялык «Ардшинбанк» менен кызматташа баштады, ал эми азыр корреспонденттик тармагы 1871-жылы негизделген Италиядагы алдыңкы европалык банк BANCA POPOLARE DI SONDRIO(BPS) менен толукталды. Азыркы учурда «Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Түркия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн банктары менен иштешип жатат, жакынкы арадагы пландарда – корреспондент-банктардын тизмесин кеңейтүүнү улантат.

«Кыргыз-Швейцариялык Банкынын» эл аралык өз ара эсептешүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кененирээк сайттан, банкка кайрылуу аркылуу же төмөнкү номерлер боюнча байланыш борборунан билүүгө болот: +996 (705) 54 34 24 («О!»), +996 (755) 54 34 24 (Megа), +996 (222) 54 34 24 (Beeline), + 996 (312) 54 34 24.

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы»: Жаңы бийиктиктерге бирге!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: