Жогорку Соттун төрагасынын орун басары алмашты
Жогорку Соттун төрагасынын орун басары алмашты. Бул тууралуу 29-мартта президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Давлетов Айбек Абубакирович өз каалоосу боюнча Жогорку Соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Ага улай эле мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен Камчыбеков Шералы Равшанбекович 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

