Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды




Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюрлар орнотулду. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюнда, "Рубин" зергер дүкөнүнүн маңдайында 20 метрди түзгөн бордюр орнотулду.
Ошондой эле бошотулган муниципалдык аймакка газон же жандуу тосмо отургузуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Буга чейин бул аймактарда башаламан унаа токтотуучу жай болгондуктан, унаа тыгыны пайда болуп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.