Бишкекте ишкерлер менен бизнес жолугушуу өтөт
Бишкекте калаа бийлигинин өкүлдөрү менен ишкерлердин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-апрелде саат 10:00дө Ленин районунун акимчилигинде борбордун ишкерлери менен бизнес жолугушуу болот.
Жыйын жеңилдетилген насыялоо, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кепилдик берүү жана башка маселелер менен таанышууга арналат.
Иш-чарага Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү катышат.
Аны Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги калаа мэриясынын райондук муниципалдык администрациялары менен биргеликте уюштурууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.