super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Түштүк Кореянын мурдагы элчисин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түштүк Кореянын мурдагы элчиси, Чечхон шаарынын азыркы мэри Ким Чанг Гю жетектеген кореялык делегация менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов Чечхон жана Талас шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттап, бул жаңы достук көпүрөсү болуп Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт деген ишенимин билдирди.

Чечхон шаарынын мэри Ким Чанг Гю кыргыз-корея кызматташтыгы ар түрдүү тармактарда динамикалуу өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу, туризм, айыл чарба тармагындагы кызматташууну жакшыртуу, ошондой эле, жумушчу күчүн тартуу жана студенттерди окутууда алмашуу боюнча маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: