super.kg logo

Бишкекте сейил бактар, жол боюндагы жашыл аянттар сугарыла баштады

 

Бишкекте сугат мезгили башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды.

Бүгүн таң эрте "Асанбай" жана "Мураталы" каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына секундасына 300 литр суу берилип сугарылууда.

Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Жантөшев көчөсүнө чейин, Юнусалиев көчөсү Донецк көчөсүнөн Ахунбаев жана Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин сугарылууда

Белгилей кетсек, буга катар эле ишкананын кызматкерлери тарабынан сугат мезгилине акыркы даярдыктар көрүлүп, С.Каралаев, Байтик-Баатыр, Жуков-Пудовкин жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн боюндагы арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жашыл аянттарды сугаруу мезгили 2023-жылдын 1-апрелинен тартып толук күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: