super.kg logo
  Саясат  

Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр киргизилди

 

Министрлер кабинети Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

"Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилет жана тездетилет. Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин биринчи иретте жөнөкөйлөтүү, андан кийин аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пунктар жаңы редакцияда берилди.

Жер мунапыс объектисине мурда катталган укуктар болгон учурда укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө ченемдерди киргизүү зарылдыгына байланыштуу тиешелүү пункт жаңы редакцияда кабыл алынды. Мындай учурлар боюнча жаңы жобо жер участогуна чектөө коюу менен укукту алдын ала каттоону ишке ашыруу болжолдонот", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топ жер мунапысын жүргүзүүдөгү дагы башка тоскоолдуктарды жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында иш алып барууну улантып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: