Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ал Лебединовка айылынын аймагында 66 гектардан ашуун айыл-чарба багытындагы жерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которгонго шектүү катары кармалды.
Бүгүнкү күндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.