super.kg logo

Бишкекте жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү токтотулду

 

Бишкекте жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, айрым ишкерлер Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

"28-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынды.

Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынды .Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: