Ошто заманбап стилде жасалган аллея пайдаланууга берилди (фото)













Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы аллея оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов аллеяда Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти.
Аллеянын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Анда балдар аянтчалары, спорттук жайлар курулуп, заманбап жарыктандыруу системалары жана жарандар эс алуучу орундуктар орнотулду. Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган аллея кечээ, 30-мартта пайдаланууга берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.