super.kg logo

Балыкчы-Каракол жолунун жээгинен табылган жансыз дене: Окуянын жаңы жагдайлары айтылды

 

14-мартта Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыкта жансыз денеси табылган 38 жаштагы Нурбек Чотбаев Тамчы айылында курулуп жаткан пансионатта прораб болуп иштеп жаткан. Бул тууралуу маркумдун кайнатасы Жамал Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, күйөө баласынын артында үч баласы жана кош бойлуу келинчеги калды. Ал үй-бүлөсүн курулушта иштеп бакчу.

"Күйөө балам устачылык кылып үй-бүлөсүн бакчу. Бир таанышынын Бишкектеги үйүн оңдоп бергенден кийин, ал "жоопкерчиликтүү жакшы иштейт экенсиң, Ысык-Көлгө пансионат куруп жатам, баш-көз болуп бер" деп чакырган экен. 2022-жылдын октябрь айынан бери Тамчы айылында ошол адамдын пансионатында прораб болуп иштеп жаткан. Жумасына эки жолу үй-бүлөсүнө келип турчу.

Ошол каргашалуу күнү кызым "ата Нурбек жумушчулардын айлыгын берет экен, үйгө келип кетем деди" деп калды. Анын жанында канча акчасы бар болгонун билбейбиз, каза болгондо жанынан акча тапкан жокпуз", - деди ал.

Ошондой эле Жамал Тургунбаев бул кылмыш буюртма болушу мүмкүн деп эсептээрин айтты.

"Мындай мыкаачылык менен өлтүргүдөй биздин бала эмне кылды деп таң болуп жатабыз. Бул буюртма дагы болушу мүмкүн, себеби ошол күнү жанында чоң суммадагы акча болушу ыктымал. Тырмагынын түбүнө чейин топурак экен, байкуш балам жер тырмалаган окшойт.

Күйөө балам деле спорт менен машыккан, тың жигит болчу, 1-2 баланы жөн эле жыга чапмак. Булар топтошуп алып сабашкан", - деди маркумдун кайнатасы.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы оюн угуу үчүн байланышты. Бирок шектүүлөрдүн биринин ата-энеси алардын дагы чындыгы бар экенин айтып, тергөө бүтө электигин кошумчалады.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы оюн угуп, чагылдырууга даяр.

Эске салсак, 15-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Балыкчы-Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыкта, Өрнөк айылына жакын жерде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгын билдирген.

Ошондой эле облустук милиция табылган жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатканын айтып, коомчулуктан жардам сураган.

Кийинчерээк SUPER.KG порталына өздүк булактар маркумдун ким экени аныкталганын билдирген.

Бул кылмышка шектүү катары 4 жаран кармалган. Облустук милиция алдын ала суракта, шектүү катары кармалган жарандар жасаган кылмышы үчүн өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: