Кара-Балтадагы мунайзат иштетүүчү завод ишке киришүүгө толугу менен даяр
КРнын Экономика
министри Темир Сариев “Чайна Петроль Компани “Жунда” жоопкерчилиги чектелген
коомдун президенти Яо Гао Мин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган
министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирет.
Автор: Темирбек Матаев
Жолугушууда
Кара-Балтага салынган мунайзат иштетүүчү завод толугу менен иштөөгө даяр
экендиги айтылды. Буга чейин аталган завод текшерүү максатында гана иштеп
келген. Эми ал технологиялык жактан ишке киришүүгө даяр.
Ошондой эле бул
жолугушууда аталган заводго байланыштуу көйгөйлөр талкууланды. Анын ичинде
санитардык аймак, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик
инспекциясына байланыштуу завод менен болгон маселелер бар.
Мындан тышкары жергиликтүү
жумушчуларды мунайзатты иштетүүгө үйрөтүү үчүн мыкты адистерди сырттан
алдыруу, ал үчүн виза режимин чечүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында булардын баары КРнын
Өкмөтү тарабынан чечилери айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

