Жапаров менен Ма Синжуйдун жолугушуусу: Бир катар документтерге кол коюлду (тизме)




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Алар төмөнкү документтер:
- Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;
- Кыргызстан - Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;
- Кыргыз - Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;
- Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;
- Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;
- "Или-Синхэ" ЖЧШ жана "БТК" ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

