super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда транспорт, логистика, энергетика, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы кыргыз-кытай мамилелери жакшы коңшулук, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделип прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Кытай менен достук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат”, - деди Жапаров.

Ошондой эле ал СУАРдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, компанияларын тоо-кен, айыл чарба тармагында жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика боюнча инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырды.

"Акылбек Жапаров транспорт-логистика тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурду, тагыраагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, динамикалык жана инвестициялык кызматташууга тоскоол болгон айрым чектөөлөрдү алып салуу жана соода жүргүзүүдө өз ара пайдалуу шарттарды түзүүнү кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, коронавирус пандемиясына карабай, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

СУАР өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого жана Кыргызстанда ыңгайлуу бизнес жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн эске алуу менен, ошондой эле кытай инвестицияларын тартууга даяр”, - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында кытай делегациясынын башчысы Акылбек Жапаровду СУАРга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: