super.kg logo

"Жалын жанындагы 11 контейнерге өткөн". ӨКМ "Алькони" заводундагы өрт боюнча маалымат берди

 

Бишкектеги "Алькони" ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишканадагы өрттү өчүрүүгө таңкы саат 03:10дон тарта ӨКМдан жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа ККББнын ыкчам тобу тартылган. Тилсиз жоо саат 05:55те чектөөгө алынып, саат 14:38де толук өчүрүлдү. Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

"Бүгүн таңга маал Бишкектин Октябрь районуна караштуу Исакеев көчөсүндө жайгашкан "Алькони" заводунан чыккан ири өрт кырсыгынын кесепетинен ишкананын алькони тез даярдалуучу азыгын чыгарган имараттын болжол менен 3500 чарчы аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабай, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин калаадагы "Алькони" заводунан түнкү саат 03:10 чамасында өрт чыкканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2023. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур мен бул заводун ичин кордум эле аябай начар щарта жасалат харам тамак чыгарган завод ортонуптур ушу менен ачпайле койсо жакшы болот эле элди уулабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: