super.kg logo

Тажикстанга тонналаган пиязды алып өтүүгө аракет кылган Лейлектин тургундары кармалды

 

Баткен облусунда жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоо аракети бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жашылча-жемиштер Тажикстанга ташылмак.

31-мартта УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан "Жаңы-Бак-Маргун-Арка" айланма унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter 3 наасы токтотулган.

Анда жалпы салмагы болжол менен 10 500 килограмм болгон пияз алынган. Жүктөрдү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Лейлек районунун тургундары: 1984-жылы туулган Т.А., 1993-жылы туулган А.Б. жана 1980-жылы туулган Б.Т. кармалышты.

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында жүк ташыган унаалар "Орто-Боз" чек ара заставасынын №2022 аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.04.2023. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маргун эмес Мурас болуп озгоргон толуктап жазгыла малыматты
01.04.2023. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А сукалар акча десе баарын сатат булар камагыла буларды
01.04.2023. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуштарды ден-соолугунан ажыраганча сабаштын кереги жок эле. Жөн эле штраф салып, товарын, унаасын алып койгон жетиштүү эле.Жумушсуздуктун айынан ушундайга барып жатышат да. 500 миң сомдун тегерегиндеги товар деп, бей- бечараны эле кармай бербей. Тонналап түн ичинде кирип кетип жаткан крышасы күчтүү товарларды да кармасаңар экен.
01.04.2023. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
катуу тийсе кечиргиле бирок адам эмес экен силер учун канча азаматтар шейит кетти !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: