super.kg logo

Президент үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо дары-дармекке акча албоону тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо дары-дармекке акча албоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мындай тапшырманы мамлекет башчысы кечээ, 1-апрель күнү Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерди пландан тышкаркы текшерүү учурунда саламаттык сактоо министрине жана ооруканалардын жетекчилигине берди.

"Бүгүн бир катар ооруканаларга күтүүсүз барып текшерүүсүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды", - деп билдирди Султанбаев.






Президент үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо дары-дармекке акча албоону тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: