Криштиану Роналду жеке учагын 20 миллион еврого сатат
Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес жеке учактарын сатыкка коюшту. ЖМКлардын маалыматы боюнча жубайлар Gulfstream G200 реактивинин максатын жактырбай калышкан.
Криштиану менен Жоржина бизнес жана жеке каттамдар үчүн колдонгон учак Netflix I Georgina сериясында көрсөтүлгөн.
Жубайлар чоңураак учак алгылары келгендиктен учакты сатууну чечишкен. Кыязы, аларды азыркы учактарынын көлөмү канааттандырбайт.
Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес учурда Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда жашашат.
Португалиялык футболчу "Аль-Насрга" өткөндөн кийин жылдыздуу түгөй жакынкы чыгышка көчүп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
futboler

02.04.2023. 13:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер укпасын, 30 жылда мындай болгон эмес деп жүрбөйлү.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.