super.kg logo

Жалпы ишембиликте Ош шаарынан 2100 куб таштанды чыгарылды (фото)

 

Ош шаарында 1-апрелде жалпы республикалык ишембилик өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ага шаардык мекеме-уюмдардын, муниципалдык, мамлекеттик кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, шаар куруу жана коммуналдык чарба кызматкерлери, МАБдардын, Жапалак айыл аймагынын адистери, спортчулар жана жеке ишканалардын кызматкерлери катышты.

Ишембиликте ар бир мекеме өздөрүнө бекитилген аймактардагы бак-дарактарды актоо, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жалпы 10 миңден ашык бак-дарактар акталып, 10 чакырымга жакын арыктар тазаланды.

“Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтен кийин 2100 куб таштанды чыгарылды.

Жалпысынан Ош шаары боюнча шаардык ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: