super.kg logo

Караколдогу зоопарктын астына арстандын эки баласын байлап кетишти (видео)

 

Каракол шаарындагы зоопаркка арстандын эки баласын байлап кетишти. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, зоопарктын кызматкерлери арстандын балдарына Томас жана Аля деген ысым ыйгарган. Арстандын балдарын бага албай койгондор алып келип ташташы мүмкүн.

"Арстандын балдары туура эмес багуудан улам бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгон. Аларга күндүн нуру дагы жеткен эмес. Экөөнө чогуу тамак берип багышкан окшойт, Томас Аляга караганда көбүрөөк тамак жеген", - деп билдирди "Бугу-Эне" коомдук фонду.

Ошондой эле коомдук фонд арстандын балдары белекке берилип, бирок алган тарап бага албай койгон болушу мүмкүн деп болжолдошту.






Караколдогу зоопарктын астына арстандын эки баласын байлап кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: