super.kg logo
  Саясат  

Үч эм жана төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталууда

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды.

Аталган демилге депутаттар Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан көтөрүлдү.

Жыйында баяндама жасаган депутат Максатбек Сарбагышев өлкөдө акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны 151 болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгиледи.

"Сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз”, – деди ал.

Талкуу маалында жыйынга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: