super.kg logo
  Саясат  

Надира Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктоого каршы чыкты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктоого каршы чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Анын пикиринде, журналисттер жана блогерлер депутаттар менен аткаминерлердин мал-мүлкү тууралуу декларациясын көрүп алып, элге жаманатты кылууда.
"Конституцияга ылайык, жаран өзүнүн мүлкү тууралуу декларация толтурганда, купуялуулук сакталышы керек, бирок бизде сакталбай жатат. Өмүр бою өз мээнети менен иштеп тапканын деле блогер, журналисттер "ушундай мүлкү бар экен" деп маскарасын чыгарып, жаманатты кылып жазып жатышпайбы. Декларациядан көрүп алышып саясатчыларды, аткаминерлерди бир кылмыш кылып койгондой жазып жатышат. Азыр биз бул мыйзамды колдой турган болсок блогер, журналисттер алардын аркасынан чукулай албай калабы? Каяктан алдың, уурдадың дей албайбы ошондо?" - деп сурады Нарматова.
Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сөз болуп жаткан мыйзам кабыл алынса, аткаминерлерди эч ким чукулай албастыгын, андай суроолор жок болорун айтты.
Андан соң депутат Нарматова декларациясын ашкере кылып, адамдардын абийирине шек келтирген учурлар көп болуп жатканын айтып, мындан улам байлар тапкан каражатын сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.
Белгилей кетсек, тармактык комитетте жарандар болгон мал-мүлкүн ачыктаса, аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоору каралды.





Жогорку Кеңеш 03.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: