super.kg logo

Өзбекстанда 3 баласы менен 9-кабаттан секирген келин: Маркумдун жолдошу кичи ажылыкта жүргөн

 

Өзбекстанда 9-кабаттан 3 баласы менен секирип каза табышкан 27 жаштагы келиндин жолдошу каргашалуу окуя болгон учурда кичи ажылыкта жүргөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркум келин жолдошу менен Ташкент облусундагы жеке үйлөрдүн биринде жашаган. Бирок өткөн жылдын сентябрь айында үйү өрттөнүп кетип, Сергели облусунда жашаган апасынын үйүнө көчүп барган. Жогорудагы окуялардын баары, андан сырткары үй-бүлөдөгү келишпестиктер келиндин психикасына таасирин тийгизгени айтылат.

Тергөөгө чейинки текшерүү маалында келиндин жолдошу Сауд Арабияда кичи ажылык сапарында жүргөнү маалым болду. Ошондой эле бардык версиялар, анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатактар, ошондой эле маркумдун психикалык өзгөрүүлөрү текшерилет.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүү) жана 103-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 3-апрелде Өзбекстандын Сергели районунда 27 жаштагы келин 3 баласы менен 9-кабаттан секирип кеткен. Окуянын кесепетинен алардын баары каза болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: