Алымкадыр Бейшеналиевдин жардамчысы Мээрим Тилековага сот өкүмү чыкты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилековага өкүм чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган Мээрим Тилекова сот тарабынан толугу менен акталды. Сот чечимди бүгүн, 4-апрелде чыгарган.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 17-майында УКМК тарабынан кармалган. Ошол эле жылдын 11-сентябрында Тилекова Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.