Токмокто токтоп турган Мерседести айдай качканга шектүү кармалды
Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 2022-жылдын октябрь айында болгон. Анда К.М. аттуу тургун Токмоктогу борбордук базардын жанынан Мерседес Бенц-230 үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айтып милицияга кайрылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө унааны уурдоого шектүү катары А.А. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.