super.kg logo

Токтогулда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти эс-учу жоголгончо сабаганы айтылды

 

Токтогул районунда 20 жаштагы жигит милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

"Улуттук борбордун кызматкерлери аталган жигитке жолукканда моюнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көк ала тактар ​​жана сыйрылган жерлер бар экендиги аныкталган. Анын айтымында, милиция кызматкерлери аны сабап, муунтушкан жана ал бир нече жолу эсин жоготкон. Мындан тышкары, аны желим таяк менен зордуктайм деп коркутушкан. Кыйноонун максаты жигитке бир нече кылмышты моюнуна алдыруу себеп болгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Жабырлануучу Таласта жашайт жана Токтогулга уйларын сатуу үчүн барган. Ал Өзгөрүш айылындагы милициянын пунктунан кыйноого алынган.

Учурда бул факты боюнча акт түзүлүп, маалыматтар Талас облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.04.2023. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп жылдан бери ошол Токтогулдун ач калган милициялары ар турдуу кылмыштарды бироонун мойнуна илуу менен алектенгенин коп угам дагы да жоголуща элек экенда кот милициялар. Полный уволить этиш кк пускай талаага чыгып жер чабып бешене тер мн акча тапканды уйронушот. Анан оздорун да талаадан наша эгип журосун деп мойнуна кыйноо жолу мн койдуруш кк оздоруно окшоп. Экпедим десе оздору бироону кыйнаган желими мн оздорун изнасиловать этиш кк каргыш ургурларды
04.04.2023. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кызды Москвада коргом инисин ошол токтогулдук ит арам олгур милициялары чонтогуно наша салып каматып ийишкен экен ошол инисин чыгарыш учун тапкан айлыгын жонотот эле ар сотунда куйоосунон келтекти жеп сокку укса да. Эй арам олгур милициялар Аллахтын каарынан жана ар бир кордолгон жалаа жабылган балдардын энелеринин коз жашы жана каргышы наалатынан корккула. Силер да жалаа жабылмайын олбойсунор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: