super.kg logo

Түндө Кара-Балтада жансыз дене табылды. Кылмышка шектүү унаасы менен качып бара жатканда кармалды

 

Жайыл районунда Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 4-апрелде милицияга Кара-Балта шаарындагы "Алладин" кафесинин жанында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жансыз денеге экспертиза жүргүзгөндө бычактан алган үч жаракаты бар экени аныталган жана ал 1996-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринде бул кылмышка 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран шектүү катары аныкталып, бардык постторго ал жана анын унаасы тууралуу маалымат берилген.

Ошондой эле милицияга ал Volkswagen Passat унаасы менен чек арага кетип бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жыйынтыгында кайгуул кызматкерлери унааны бүгүн, 5-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында Чалдовар айылынан токтотушкан.

Учурда шектүү жаран кармалып, тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: