super.kg logo
  Саясат  

Тазабек Икрамов: "Эл бизди бекинип алып, кайсы мыйзамды кабыл алып жатасыңар деп жатат"

 

Бүгүн, 5-апрелде парламентте депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйындарын аймактардагы тургундар көрө албай жатканын билдирди.

"Аймактардагы телефон колдонуу мүмкүнчүлүгү жок, жашы өтүп калган жарандар "Парламенттин жыйындарын көрө албай калдык" деп кайрылууда. Алар депутаттар кайсы мыйзамды кабыл алып жатышканын, дегеле өлкөдө кандай маселе болуп жатканын билип турууга кызыкдар экенин айтышты. Жогорку Кеңештин жыйындарын көрүшүбүз керек деген талап коюшту", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө айрым комитет жыйындары түз эфирден көрсөтүлбөй жатканын айтты.

"Ал дагы кечинде же эртеси күнү Ютубга чыгып жатат. Буга дагы нааразычылыктар көп. Элге шарт түзүп беришибиз керек. Эл "Бекинип алып, кайсы мыйзамды кабыл алып жатасыңар" деп айтып жатат. Урматтуу төрага, парламентти өлкөнүн бардык аймактарынан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берсек жакшы болот эле", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары Икрамов жоюла турган 5-каналдын кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылууну суранды.






Жогорку Кеңеш 05.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: