super.kg logo
  Саясат  

Депутат “Коопсуз шаардын” айып пулдарын төлөөгө аэропортторго терминал коюуну сунуштады

 

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдарды төлөө үчүн аэропортторго терминалдарды коюуну сунуштады.

Анын айтымында, көпчүлүк эчак сатып жиберген унааларына келген айып үчүн өлкөдөн чыга албай убара болууда.

"Бир нече жарандар кайрылууда. Арасында бир жылдык кирешесин чогултуп алып, чет өлкөгө эс алууга бараткан жеринен бирөөнү миң сом, экинчисин 3000 сом үчүн өткөрбөй коюп, билеттери күйүп кетиптир. Бул бир эле кишинин көйгөйү эмес, биздин миңдеген мигранттардын көйгөйү болуп жатат", - деди Жакышов.

Ошондой эле ал маселени чечүү үчүн аэропортторго терминалдарды орнотууну же бирден кызматкер коюуну сунуштады.






Жогорку Кеңеш 05.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: