super.kg logo

Токтогулда милиция ур-токмокко алган делген жигит: Облустук милиция далилин көрсөттү

 

Токтогулдун Өзгөрүш айылында мал уурулукка шектелип кармалган жаран милиция бөлүмүндө ур-токмокко алынган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Шектүү жаран Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып аталган бөлүмчөгө алып барылган. Ошол учурда тартылып алынган сүрөттөрдө шектүү У.Д. аттуу жарандын моюнунда тактары бар экендигин байкоого болот. Ошондой эле мал сатып алган жарандар тарабынан тартылган сүрөттө дагы моюнундагы тактары байкалган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ал Өзгөрүш айылындагы милиция бөүмүндө болжол менен 1 саат 30 минутадай убакыт кармалып, Талас ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

"Кармагандан кийин Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо болгон эмес. Кармалган учурда эле бул жарандын моюнунда тактары бар экени байкалган. Ошондой эле кармоо учурунда окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар милиция менен кошо жүрүшкөн жана дагы кыйноолор болбогондугун тастыкташат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган деген маалыматын четке кагабыз, анткени андай факт болгон эмес", - деп кошумчалашты Жалал-Абад ОИИБнен.

Кечээ, 4-апрелде Кыйноолордун алдын алуу борбору Токтогулда 20 жаштагы жигит милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: