super.kg logo
  Спорт  

“Ливерпулдун” жарым коргоочусу Стивен Жеррард жаракатынан улам 6 апта футбол ойнобойт

 
Стивен Жеррард ойногон "Ливерпуль" учурда Англия Премьер лигасында 2-орунда келүүдө. Жаракат алып калган лидери кайтып келгенде "Ливерпулду" кайсы орунда көрөрү белгисиз.

Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун лидери Стивен Жеррард жаракатынан улам 6 апта майданга чыга албайт. Бул тууралуу англиялык басылмалар билдирет.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы футболчу бүгүн, 10-декабрда медициналык кароодон өтүп, дарыгерлер ага 6 апта футбол ойноого тыюу салышты. Ошону менен Жеррард өзүнүн командасына кем дегенде 8 оюнда майданда жардам бере албайт. Анын ичинде “Тоттенхэм”, “Манчестер Сити” жана “Челси” командалары менен боло турган оюндар да бар.

Эске салсак, футболчу 7-декабрда Англиянын Премьер-лигасынын 14-тур оюндарынын алкагында “Вест Хэм” менен болгон оюнда жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: