“We'll be” бий тобу 20-декабрда жеке концертин берет
Таланттуу бийчилерден куралган “We'll be” бий тобу 20-декабрда жеке концертин берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына топтун мүчөсү Замир Торгоев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына белгиленип жаткан концерт Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. “Бий сүйүүчүлөрүнө мыкты концерт тартуулайлы деген оюбуз бар. Концертке ырчылар да катышат. Бирок бийге көбүрөөк басым жасалат”,- дейт ал.
Эске салсак, “We'll be” бий тобу бий тармагындагы ишмердүүлүгүн тартуулап келгенине 5 жылга жакындап калды. Топ 2012-2013-жылдары катары менен “Мен бийчи” эл аралык феситивалында жеңүүчү аталган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















