super.kg logo

ЕАЭБде онлайн режимде мыйзамдуу жумуш табуунун жолдору айтылды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө жумуш табуунун жолдору тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, министрликтин эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомдун (GIZ) колдоосу менен "занятость" интерактивдүү веб-порталы иштеп жатат. Анда республика боюнча бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жаңылыктар жана пайдалуу маалыматтар жайгашкан.

"Порталда министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жумуш издөөчү катары катталуу үчүн онлайн арыз берүүгө, коомдук жумуштар же кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга болот.

Ошондой эле иш берүүчүлөр талап кылынган адистерге арыз калтыра алышат. Мектеп окуучулары жана бардык каалоочулар кесиптик багыт боюнча онлайн тесттен өтө алышат" деп айтылат министрликтин маалыматында.

Портал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Чек арасыз жумуш" автоматташтырылган издөө маалыматтык системасы менен интеграцияланган. Бул Кыргызстандан тышкары Орусияда, Белоруста, Казакстанда жана Арменияда мыйзамдуу жумушка орношууга мүмкүндүк берет.

Вакансиялар "банкында" иш берүүчүлөрдөн 5 миңден ашык чакыруу катталган, биринчи кезекте Орусия турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: