super.kg logo

Нарындагы алтын чыгарган жерде айдоочу унаасы менен кошо сууга түшүп кетти. Ал изделүүдө (видео)

 
Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде айдоочу жүк ташуучу унаасы менен кошо сууга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 5-апрелде саат 16:40та 102 кызматынан түшкөн. Кырсык катталган жерге Нарын шаары жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10до чыгып, 20:30да жерине жетишкен.
"Куткаруучуларга кошумча 6-апрелде таңкы саат 6:00дө аталган кырдаалды координациялоо үчүн министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан, Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суучул-куткаруучусу жана 5 кызматкер жөнөтүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда жүргүзүлүп жаткан издеп куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.





Нарында айдоочу унаасы менен кошо сууга түшүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: