Миң айдан артык болгон Кадыр түндө эмнелерди кылуу керек? Муфтияттын өкүлү менен маек
Муфтияттын 23-мартта тараткан маалыматына ылайык, өлкөдө кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнгө белгиленген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери жана Кадыр түндү туура тосуу тууралуу суроолорубузга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуровдон жооп алдык.
Кадыр деген сөздүн мааниси эмнени билдирет?
Кадыр түн - кыргызча аталышы. Мааниси кадырлуу түн дегенди билдирет. Улук түн, берекелүү түн, ыйык түн деп айта берсек синонимдери көп. Себеби ошол түндөгү кылынган ибадаттардын сооптору миң айдан (83 жылга тете) артык болуп жатканы үчүн Кадыр түн болуп атат.
Кадыр кеченин дагы бир өзгөчөлүгү ошол түндө Курандын биринчи аяты түшкөн.
Кадыр түндүн белгилери
Кадыр түндүн атайын белгиси жок. Аалымдардын айтымында, бул күн Орозо айынын акыркы 10 күндүгүндө так түнгө туура келет. Кадыр түндү ошол акыркы 10 күндөн издеш керек деп айтылат.
Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
Кадыр түн Кудайдын пенделерине берген чоң нематы, жакшылыгы десек болот. Бул күнү ибадат менен убакыт өткөрө турган, Кудай менен пенденин ортосундагы мамиленин эң жакын болуп турган түн болуп эсептелет. Бул күнү чогулуп алып, дасторкон жайып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, майрамдай турган түн эмес. Бул түндү адамдар Кудайга жакын болуп, ибадат менен өткөргөнү жакшы. Анткени Куранда Кадыр түндө кылынган ибадат - миң айдан артыгыраак, жакшыраак деген аят бар. Ыйманы бар түрүү жанга ибадат кылуу үчүн берилген чоң мүмкүнчүлүк.
Кадыр түндө эмнелерге тыюу салынган?
Атайын чектөөлөр жок. Кадыр түндө шариятта эмне тыюу салынса ошол күнү дагы тыюу салынган болот. Алсак,
- калп айтпоо
- жаман сөз сүйлөбөө
- бирөөнүн көңүл оорутпоо
- күнөө иштерден алыс болуш керек жана башка ушул сыяктуу нерселер.
Кадыр Түндү кайда өткөрүү керек?
Кимге кайсы жерде ыңгайлуу болсо ошол жерде Кадыр кечесин тозсо болот. Кээ бир кишилер мечиттерде, кай бирлери үйдө же жеке отуруп Кадыр түн тосконду жактырышат. Кандай болгон күндө да аз убакытты туура колдонуп өткөрүү керек.
Кадыр түндү кыздар мечиттерге барып жамаат менен тосуп келсе болобу?
Мечиттерге барса да болот. Негизгиси убакытты туура колдонуп өткөрүү зарыл. Мечитке барса эле Кадыр түн тосуп калды дегенден алыс болуш керек. Ал жакка барганда да ар бир мүнөтүнө чейин ибадатка сарпташы абзел.
Кандай ибадаттар аткарылат?
Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу зарыл. Мындан тьшкары зикр чалуу абзел. Ал адамдын каалоосуна байланыштуу, милдеттүү эмес. Жогоруда айтып өткөндөй Жараткан менен пенденин ортосунда алакасы үзүлбөй турган абалда амал кылып тозсо максатка ылайык болот.
Белгилей кетсек, Орозо айы 23-мартта башталган болчу.

