super.kg logo

Ошто Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды (фото)

 

Ошто Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Белгиленгендей, бажычылар тарабынан Ош облусунун Ноокат районунда У.У. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

"Унааны текшерүү учурунда Өзбекстанда жасалган жалпы салмагы 405 килограмм, баасы 350 миң сомду түзгөн ич кийимдер табылды", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар андан ары процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Бажылык текшерүү тобуна өткөрүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: