super.kg logo

18 жаштагы Мадина Муратбекова "Мисс Шериктештик-2023" сулуулар сынагынын финалына өттү

 

18 жаштагы Мадина Муратбекова Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан эл аралык "Мисс Шериктештик-2023" этникалык сулуулар сынагынын финалына өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Экинчи курста окуп жүргөндө "Мисс шериктештик-2023" этникалык сулуулар сынагы тууралуу угуп калып, катышууну чечтим. Кыска убакыттын ичинде визиттик карточкамды жана чыгармачыл номеримди даярдаганга үлгүрдүм. Мага сөз келгенде өлкөбүз уникалдуу байыркы эстеликтерди кылдаттык менен сактаган, сыйкырдуу, көз жоосун алган өлкө экенин баса белгиледим.

Жалпы 18 мамлекеттин ичинен 7 мамлекет тандалып алынды, арасында Кыргызстан дагы бар. Буюрса, финал 21-апрелде өтөт", - дейт ал.

Мадина Муратбекова Нарын шаарында туулган. Учурда Уфа илим жана техника университетинин табигый факультетинде билим алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: