Депутаттар өкмөттү ар бейшемби сайын парламентке келүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алды
Бүгүн, 6-апрелде депутаттар ар бейшемби сайын өкмөттү Жогорку Кеңешке келүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Ага ылайык, Министрлер кабинети ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын суроо-талаптарына убакыт бөлөт деген ченем сунушталууда.
Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин чечими боюнча министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча жыйындарга катышат.
Мындай демилгени депутат Улан Бакасов сунуштаган.
Эгер аталган мыйзамга президент кол койсо күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.